Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине материалдык жардам.

2021-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координацялоо боюнча борборунун кызматкерлери 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Валентина Гудковага азык-түлүк материалдык жардам көрсөтүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө юридикалык консультацияларды жана квалификациялуу юридикалык жардамдарды көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө маселелер талкууланды.

Эске салсак, буга чейин МКЮЖ КБу 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин өмүр бою камкордугуна алган. Мындан ары дагы МКЮЖ КБу Валентина Гудковага керектүү жардамдарды көрсөтөт.