Юристтер күнү!

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ КБнун директору А.С Калбековдун Юристтер күнү менен куттуктоосу

Урматтуу юристтер, кымбаттуу кесиптештер!

Сиздерди  кесиптик майрам - Юристтер  күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздерге  - эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана демократиянын бийик идеалдарын сактоо, жарандык коомду курууга салым кошуу боюнча улуу миссия тапшырылган

Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, жигердүү жарандык позицияңыздар  жана кынтыксыз абройуңуздар  мындан ары да мамлекетте туруктуулукту жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө кепилдик берет деп ишенем.

Сиздерге  жана Сиздердин жакындарыныздарга чын  ден-соолук, бейпилдик, тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү  каалайм!!!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ КБнун директору А.С Калбеков