18-июндан 23-июнга чейин Ысык-Көлдө МКЮЖ КБ кызматкерлери жана алардын өнөктөштөрү, бир катар коомдук уюмдардын активисттери - МКЮЖ КБнын Координациялык кенешинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн тренинг-семинар өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар аналитикалык отчётторду түзүү тармагында билимдерди алышып, социалдык тармактар менен иштөө техникалары менен  жана интернеттеги максаттуу аудитория менен таанышты, тексттерди жазуу жана социалдык жарнаманы жайылтууда тексттерди жазуу менен визуалдык куралдарды колдонуу, ошондой эле ар кандай жаш курагы, жынысы жана гендердик жана социалдык топтору менен баарлашуунун кылдаттыгын талкуулашты.


Ошондой эле семинардын катышуучулары кызматташуунун мындан аркы пландарын талкуулашып иштеп чыгышты, биргелешип иштөө үчүн зарыл болгон жеке байланышты түзүштү. 


Бул иш-чаранын максаты – катышуучулардын МКЮЖ КБнун тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка субъектилердин ролу жөнүндө жалпы түшүнүгүн өркүндөтүү, катышуучуларга субъектилерге акысыз укуктук жардам көрсөтүү практикасы, тажрыйба алмашуу жөнүндө маалымат берүү.


Тренинг ПРООН жана Финляндиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан колдоого алынып, “Кыргыз Республикасында мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жетүү” программасы менен өткөрүлдү.



#freelegalaid_cc