Карлыгач Саматова: "Элдин мүлк каттоого мамилеси өзгөрүп баратат"

“Тилектештик автобусу” долбооруна кайрылгандардын көпчүлүгүнүн “Кадастр” мамлекеттик мекемесине суроолору көп экен. Кайсы айылга барбайлы кезеке турушат, элдин мүлккө байланышкан маселеси арбын. Убакыт бүтүп, кийинки айылга кетиш керек болуп атса да, кетирбей кармаган учурлар болду” – дейт Карлыгач Саматова “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалынын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси.  Учурда мамлекеттик органдардын адистеринен куралган топ “Тилектештик автобусу” менен алыскы айылдарды кыдырып, элге укуктук жардам көрсөтүүдө.  Бул топто адвокат, юрист, социалдык коргоо, социалдык фонд, салык, жер боюнча адистер бар. Карлыгач эже менен Нарындын алыскы айылдарын кыдырып жүргөн кезде жолугуп маектештик. 


Маселенин 80 пайызы кайыната, кайыненелеринин үйүндө жашап, алардын көзү өтүп кеткенден кийин мүлктү мураска алуу маселеси менен байланышкан. Үйүнүн документи, техпаспорту жоктугуна байланыштуу паспорт ала албай атабыз дегендер бар. Андан сырткары үйдү 20 – 30 жыл мурун сатып алганбыз, документи дагы эле мурунку ээсинин наамында турат, саткан ээси башка жерге кетип калган же каза болгон, кантип өзүбүзгө өткөрөбүз деген маселелер аябай көп.  

Мүлк бөлүштүрүүгө, мураска алууга келгенде көбүнчө аялдардын укугу тебеленип калат. 25-30 жыл күйөсү менен жашап, бала чакалуу болуп, анан чыр чатактан улам ажырашууга туура келген учурлар көп. Мындай учурда кайыната, кайыненелери менен чогу турган аялдар эч нерсеси жок эле кетүүгө туура келет. Үйду талашпасын деп башка бир тууганын мураскор кылышат.  

Көптөрү мүлкүн уулдарына өткөрүп берүүдө, белеке берүү келишимин түзүп жатышат. Мындай келишим түзүлгөндө, мыйзам боюнча аялынын бул мүлккө укугу жок болуп эсептелет. Себеби ал чогу жашоодо биргелешип тапкан мүлк эмес, белеке же мураска берилген мүлк болуп калат. Бирок аялдары дагы укугун талашып, белеке бергенде бул үйдө менин укугум жок болуп калат экен, алып-сатуу келишимин түзөлү деп талап кылып жатышат. Бул дагы укуктук маданияттын жогорулашы.

Балдарына белеке берген мүлкүн сот аркылуу кайра кайтарып алгандар дагы арбын. Себеби балдарына белеке берүү келишимин түзүп койгондон кийин, балдары карабай, начар мамиле кылып, ыдык көрсөтүп башташат экен. Бул дагы элди укуктук жактан тажрыйбалуу кылып, калыптандыра турган нерсе. 

Мыйзам боюнча ата эненин мүлкү балдарына кыздарына  тең бөлүнөт. Биздин эл мүлкту антип тең бөлүшпөйт, бир эркек баласына калтырат. Себеби ата-эненин үйүн бирөө ээлеп калыш керек деп эсептешет. Бирок акыркы жылдары ата-энелер уул балдары бар болсо дагы мүлкүн кыздарына берген учурлар көбөйүп бартат. Муну дагы биздин эдин менталитетинин өзгөрүшү десек болот.  

Кыздар “менин үлүш жеримди бергиле” деп талап коюп жатышат. Мурун кыздар турмушка чыгып кетип, анын атына алынган үлүш жерин сурачу дагы эмес, жерди алайын, ал меники эле деп ойлочу дагы эмес. Азыр ата энелери, агалары, инилери  кыздын үлүш жерин өзүнөн сатып алып, же арендага алып колдонуп калышты. Айрым учурда кыздар башка алыс жерге турмушка чыгып кетип, үлүш жерин ошол жашаган жерине алмаштырып алып атышат. Бул дагы азыркы замандын талабы.      

Тилектештик автобусунда элге керектүү адистер келет экен, деп эл ыраазы. Алыска бара албагандар, каражаты жоктору бар. Айрымдар маселесин чече албай, көптө бүтөт деп ойлошот. Түшүндүрө келгенде, оңой эле бүтө турган иш турбайбы деп чыгынып бүтүрүп жатышат. Долбоорго жергиликтүү адистердин катышканы дагы туура экен. Себеби ишти кайра өзүбүзгө келип бүтүрөт, байланыш тузүлөт. Айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери дагы адистердин баарынан консультация алып жатышат. 

“Тилектештик автобусу” долбоору Юстиция министрлиги тарабынан, БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгесинин колдоосунда ишке ашырылууда.