2021-жылдын 6-августунда Ысык-Көл обласынын Түп районунун коомдук мекемелеринин жана Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана МКЮЖ КБнун Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу болу

Ысык-Көл обласынын Түп районунун коомдук мекемелеринин жана Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунун жергиликтүү өз  алдынча башкаруу, МКЮЖ КБнун Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иш аракеттерди бириктирүү максатында жолугушуу болуп өттү. 
Аталган жолугушууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттердин бири-консультативдик жардам көрсөтүү болуп эсептелээри белгиленди. Өз кезегинде МКЮЖ КБнун региондор аралык бөлүмү консультациялык -укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардамдын алкагында координациялоону камсыздайт. 
Ошондой эле "Тилектештик автобусунун" барууларына тиешелүү маселелер да талкууланды. Эскерте кетсек "Тилектештик автобусу" долбоору Кыргыз Республикасында 3 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып келе жатат, натыйжада облустардан жана алыскы региондордон 4 миңден ашык киши келип консультациялык-укуктук  жардам алышты.