Адвокаттардын потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу максатында МКЮЖ КБнун Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн координаторлору жана Ысык-Көл облусунун МКЮЖ КБнун системасындагы адвокаттар менен жолугушуу болуп өттү.

Адвокаттардын потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу максатында МКЮЖ КБнун Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн координаторлору жана Ысык-Көл облусунун МКЮЖ КБнун системасындагы адвокаттар менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууда  адвокаттардын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы  ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыктары талкууланды, анын жыйынтыгында адвокаттарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Стандарттарды, адвокаттардын кезмет графигин сактоо зарылдыгы боюнча сунуштар берилди жана МКЮЖ КБнун алкагында эффективдүү өз ара аракеттенүү боюнча кийинки маселелер талкууланды.