МКЮЖБ КТРКнын “Акысыз адвокат” телекөрсөтүүсү аркылуу юридикалык жардам берип баштады

2021-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (мындан ары МКЮЖБ), Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (мындан ары КТРК) менен бирдиктүү үч тараптуу келишимдин негизинде "Акысыз адвокат" аттуу программа уюштуруп, жарандарга түз эфирде акысыз юридикалык кеңеш берип баштады.


Көрсөтүүнүн негизги максаты МКЮЖБнун тутумунда катталган адвокаттар аркылуу жарандарга укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле калктын укуктук сабаттулук деңгээлин жогорулатуу.


Аталган телекөрсөтүү 2021-жылдын 16-сентябрынан баштап 2022-жылдын сентябрына чейин, жума сайын ар бейшемби күнү кечки саат 19:20да түз эфирде өткөрүлөт.


Сурооңуздарды Фейсбук социалдык тармактагы баракча аркылуу жана 0505802060 номуруна катталган Телеграмм жана Вотсап мессенджерлер аркылуу жөнөтсөңуздөр болот.


Айтып кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында өткөн алгачкы чыгарылышта өлкө боюнча жарандардан 2500ден ашык ар тараптуу суроолор келип түштү, ал эми түз эфирге 50 кайрылуу болду.


Алардын ичинен эки жаран калыстар тобу аркылуу тандалып, укуктук жардам алышууда. Кайрылган жарандардын көйгөйлөрүн чечүү жаатында МКЮЖБ тарабынан кандай иш-аракеттер жүргүзгөнү боюнча ачык айкын кийинки көрсөтүүдө түз эфирде баяндалат.


Эфирге шилтеме: https://www.facebook.com/KTRKkg/videos/2780628112229151