Бишкекте акысыз юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борбору ачылды

Бишкек, 2021-жылдын 1-октябры – Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоочу башкы борбордун (МКЮЖ КБ) ачылышы болду. Жаңы офис Бишкек шаары, ЖибекЖолу пр., 381 дареги боюнча элди кабыл алууга даяр. 

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүнүн башчысы Адыл Эстебесов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиев юстиция министринин орун басары Орозбек Кадырбекович, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы  Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков, ПРООНдун Туруктуу өкүлүнүн Программалар боюнча кеңешчиси Касыбеков Эркин, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана МКЖБ кызматкерлери катышты.

Бүгүнкү ачылып жаткан Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор юридикалык кеңеш берүү (башкача айтканда алгачкы юридикалык жардамды  көрсөтүү) боюнча Кыргызстан аймагында жайгашкан Акысыз юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча борборлорду координациялайт,  ошондой квалификациялуу юридикалык жардам берүүнү (б.а. экинчи юридикалык жардам) камсыздайт. Башкача айтканда, бул сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жарандарды колдоо, соттук жана процесстик жардам көрсөтүү, адвокаттардын өкүлдүгү (кенериээк: https://www.youtube.com/watch?v=zogvgynE_Us&t=18s).

Юстиция министрлиги келечекте мекенибиздин ар бир алыскы аймагында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлорду ачууну пландоодо.

Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө мындай 33 МКЮЖ бар, алар жарандарга мамлекет кепилдеген юридикалык баардык керектүү шарттар менен камсыздалган. Консультацияны МКЮЖ адвокаттарынын реестрине кирген квалификациялуу адвокаттар грфикке ылайык көрсөтүшөт.

Борбордун ачылышы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы   ПРООНдун кызматташуусунун натыйжасында мүмкүн болду.