2021-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин колдоосу менен Элге акысыз укуктук-консультациялык жардам берүү боюнча декада башталды.
Декаданын биринчи күнүндө 784 адам юридикалык консультация алышты.
Анын ичинен аялдар - 374 жана эркектер 410.
Жарандык статусу боюнча:
- 770 – Кыргыз Республикасынын жарандары;
- 14 чет өлкөлүк жаран;
Социалдык статусу боюнча:
- 80 - аз камсыз адам;
- 209 - пенсионер;
- 146 - иштеген адамдар;
- 337 - жумушсуздар;
- 7 бала;
- 5 - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген киши (ДСМЧА).