Акысыз консультациялык-укуктук жардам декадасын өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Юстиция министрлигинин пресс-конференциясынан маалымат

2021-жылдын 6-декабрынан 16-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору калкка акысыз консультациялык-юридикалык жардам көрсөтүү боюнча декада өткөрүлдү. Декаданын негизги максаты элдин аялуу катмарларынын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, консультациялык жана юридикалык жардам берүү, укуктук агартуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу., жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болду.

Видео көрүңүз:


Юридикалык жардам укуктук маселелер жана башка мамлекеттик органдардын иштерине тиешелүү башка маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү консультацияларды берүү аркылуу көрсөтүлдү.

Декаданын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 6579 жаранга (адамга) бекер юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү.

Анын ичинен:

- Бишкек ш.-693;

-Чүй облусу -487;

- Ош ш. жана Ош облусу -2351;

-Жалал-Абад  облусу -1266;

-Талас облусу -640;

- Ысык-Көл облусу-403;

- Нарын облусу -492;

-Баткен облусу -247.


Эркектер - 3123

аялдар – 3456


анын ичинде жаш курагы боюнча:

< 20   - 256

20-35 - 1944

36-60 - 3179

60+   - 1200


Анын ичинде социалдык статусу боюнча:

Аз камсыздар - 1309

пенсионерлер - 1432

иштегендер – 1137

жумушсуздар - 2624

жашы жете электер - 45

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар – 32

Калктын актуалдуу маселелери негизинен мурастарды алуу жана тариздөө, жер маселеси, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө менчик укугу, юридикалык жакты каттоо, ошондой эле үй-бүлө жана эмгек мыйзамдары, жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу жана каттоо маселелерине байланыштуу болду.

Декаданын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 32 адам акысыз юридикалык кеңеш алышты. Декаданын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунда 1 адамга, Бишкек шаарында 2 адамга квалификациялуу жардам көрсөтүлдү.

Бул адамдар келтирилген зыяндын ордун толтуруу, жер маселеси (үлүштөрдү бөлүштүрүү, жер участогуна документтерди тариздөө, талаштуу маселелер), мүлк (тартуу, каттоо), жөлөкпул алуу, кылмыш жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылган.

Декаданын алкагында акысыз юридикалык консультациялык-укуктук жардамды МКЮЖ системасынын адвокаттары, МКЮЖ КБ координаторлору, Акысыз консультациялык-юридикалык жардам көрсөтүү борборлору (АКЮЖБК), Юстиция министрлигинин жетекчилери (министрдин орун басарлары), юстициянын аймактык башкармалыктары, анын ичинде мамлекеттик нотариалдык конторалар, ошондой эле МКЮЖ КБ координациялык кеңешинин мүчөлөрү жана МКЮЖ улуттук тармагынын мүчөлөр ЖОЖдордунюридикалык клиникалары менен бирдикте көрсөтүштү.

Калкка акысыз юридикалык консультациялык-юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар аймактарда жайгашкан бардык 34 акысыз юридикалык жардам борборлорунда өткөрүлдү. Ошондой эле, жарандар төмөнкү жерлерде юридикалык жардам алышты:

- Бишкек ш., Калкты тейлөө борбору, Жибек-Жолу, 381, 1-кабат;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

- Ош, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат шш. борбордук базарлары;

- Жалал-Абад шаарынын борбордук базары;

- Базар-Коргон айылынын мамлекеттик администрациясы, Бекмамат Осмонов көчөсү, 126, 1-кабат.

- Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгынын имаратында;

- Ысык-Көл облусунун  Облустук администрациясынын имаратында;

- “Ысык-Көл облустук медиа борбор” мекемесинде;

- Нарын облусунун жана Талас облусунун юстиция башкармалыктарында.

Ошондой эле декаданын алкагында Юстиция министринин орун басарларынын Чүй облусунун Акысыз юридикалык жардам борборлоруна (Кара-Балта, Кант, Токмок, Сокулук, Кемин) көчмө иш-чаралары болуп, юстиция органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү калкка юридикалык жардам көрсөтүштү.

Декаданын негизги максаттарынын бири укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу болгондуктан, ар кандай акциялар (студеттердин ЖОЖдор аралык оюндары, КР мыйзамдарын билүү боюнча викториналар) өткөрүлдү.

Мисалы, 7-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында юридикалык институттун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү болуп өттү, анын жүрүшүндө угуучулар МКЮЖ КБ системасы менен таанышты. Ошондой эле, «Маанилмаек» телерадиокомпаниясында МКЮЖ КБ координаторлорунун жана адвокаттарынын катышуусунда МКЮЖ КБ системасы тууралуу түз эфир болуп өттү.

- 8-декабрда облустук администрациянын кызматкерлерине, микрокредиттик агенттиктин кызматкерлерине, координаторлор МКЮЖ КБ системасы жана мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча айтып беришти.

- 9-декабрда Каракол шаарында Юридикалык институттун студенттери үчүн МКЮЖ КБ системасы боюнча лекция окулуп, маалыматтык буклеттер таратылды.

Ушундай эле жолугушуулар республиканын бардык аймактарында өттү.

Мындан тышкары, масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясынын жүрүшүндө республиканын жети ири университетинде лекциялар окулуп, массалык маалымат каражаттарында баяндамалар жана түз уктуруулар өткөрүлдү, атап айтканда:

- «Ош ТВ», «Жалал-Абад телерадиокомпаниясы», «Баткен ТВ», «Нарын ТВ» «Акипресс Социалдык Тармактарда» «Турмуш Ысык-Көл», “Ысык-Көл облустук медиа борбору”,  «Маанилуу маек», «ЭлТР» «Биринчи радио», «СТВ», «24 АЛА-ТОО», «5 канал», ошондой эле Instagram, YouTube, Facebook социалдык тармактарында болду.

Декаданын алкагында МКЮЖ КБ айрым өкмөттүк эмес уюмдар – МКЮЖ субъекттери менен бирдикте ЖОЖдор аралык викторина-оюндарды өткөрдү, ага ар кайсы аймактардан он жождун командасы катышты, ошондой эле ар кандай акциялар, Студенттер, мектеп окуучулары, мугалимдер менен жолугушуулар, актуалдуу маселелер боюнча калктын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүчү мыйзамдарды билүү боюнча викториналар жана башка акциялар өткөрүлдү.

Ошону менен бирге, белгилей кетсек, он күндүктө жарандарга жарандык жана кылмыш иштери боюнча жардамдар көрсөтүлдү.