Урматтуу мекендештер, борбордун ак ниеттүү кызматкерлерине кош келиңиздер!
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун кызматкерлери борборго кайрылган ар бир жаранга ыйгарым укуктарынын алкагында, консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам кѳрсѳтүшѳт.
Эскертип кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесине ылайык, ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.